Жемкорлук менен күрөшүүдө эч кимдин кызматына же даражасына каралбайт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин кызматкерлери менен жолуккан учурда айтты.
Өлкө башчысы 1-июлдан тарта, декларациялык кампания башталганын билдирди. Анда, бардык мамлекеттик кызматкерлердин чыгаша жана киреше булактары кылдат текшерилип, так көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады мамлекет башчысы.