Жаңылыктар
ДЧ-2018: 2-июлдагы оюндардын жыйынтыгы
Спорт
ДЧ-2018: 2-июлдагы оюндардын жыйынтыгы

Бразилия 2:0 Мексика. Бүйүрдү кызыткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Бразилия курамасы 2:0 эсебинде Мексиканы утуп, чейрек финалга аттанды. Беттеш «Самара Арена» стадионунда болуп, беттеште башкы калыстын милдетин Жанлука Рокки аркалады. 1-таймда бразилиялыктар бир нече кооптуу делген соккуларды Мексиканын дарбазасына жасады. Бирок алардын дарбазачысы Гильермо Очоа мыкты болуп, топту өткөргөн жок. Эки кураманын оюнчулары коргонууда жакшы ойноп, каршы чабуулга тез чыгып жатышты. 1-таймда эсеп саны ачылган жок. Беттештин 2-бөлүгүндө оюн жогорку ылдамдыкта болуп, дарбаза алдында кооптуу учурлар катталды. Бул беттеште Марсело жаракаттан улам оюн талаасына чыккан жок. Анын ордунда ойногон Филипе Луис чабуулда мыкты болуп, коргонууга да  жетишип жатты. 51-мүнөттө Виллиандан бурчтан тепкен тобун Неймар дарбазага киргизип,  Бразилия курамасын алдыга чыгарды. Ал эми 88-мүнөттө алмашууга чыккан Роберто  Фирмино гол жаратып, курамасынын жеңишин бекемдеди. Ошентип калыстын ышкырыгы  жаңырып, Бразилия командасы чейрек финалга жолдомо алды. Бельгия 3:2 Япония. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 баскычында Бельгия-Япония курамалары беттешти. Оюн «Ростов Арена» стадионунда чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашты. Беттештин башкы калысы сенегалдык Маланг Дидьеу болду. 1-таймда эки курама тең чабуулга байма-бай өтүп, гол киргизүү аркетин көрүштү. Бирок эсеп саны ачылган жок. 2-таймдын 48-мүнөтүндө япониялык жарым коргоочу Генки Харагуси өнөктөшү Гаку Сибасакинин чыгарып берген тобун дарбаза торуна кадады. Андан көп өтпөй 52-мүнөттө Синдзи Кагаванын пасын Такаси Инуи бельгиялыктардын шаштысын кетирип, гол жаратты. Бельгия курамасы 2 гол өткөрүп алган соң, оюндун темпин жогорулатып, чабуулун күчөттү. 69-мүнөттө Ян Вертонген эсепти ачып, Бельгия командасына 1 голду алып берди. Япон тарап коргонууга ыктап, эсепти кармаганга аракет көрдү. Бирок европалыктар 74-мүнөттө дагы гол киргизди. Аны Маруан Феллайини башы менен сүзүп ишке ашырды. Калган мүнөттөрдө эки тарап тең абайлап ойноп, коргонууда мыкты болушту. Бирок акыркы секундаларда Бельгиянын оюнчусу Насер Шадли, Томасы Меньенин узаткан тобун голго айланты. Бул гол мелдешке чекит койду. Ошентип Бельгия 3:2 эсебинде Японияны жеңди. Эми алардын кийинки атаандашы Бразилия курамасы болмокчу.