Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жолдо калган австриялык туристтерге жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жолдо калган австриялык туристтерге жардам берилди

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Австриядан келген 4 туристке Эңилчек сырт өрөөнүнөн жакынкы калктуу конушка келүүгө жардам берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн дем алыш күндөрү У.Жылкыбаев иш сапары менен Ак-Суу районунун сырт өрөөндөрүндө болуп, «Хан-Тенгри» жаратылыш паркынын иши менен таанышып келди.

«Өкүл иш сапарынан келе жатып Эңилчек айыл өкмөтүнүн чыга бериш жеринде мотоцикл менен жолдун четинде турган 4 туристти байкаган. Алар менен сүйлөшүүдө өкүл Астриядан келген 4 туристтин күйүүчү майы жок калганын жана буга байланыштуу алар кете албай жатышканын билген. Өкүл Ак-Суу районунун акиминен бул туристтерге жардам берүүнү, аларды жакынкы май куюучу бекетке аман-эсен жеткирип коюуну өтүнгөн», - деп айтылат маалыматта.