Жаңылыктар
Кыргызстанда жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жер титирөө катталды

3-июлга караган түнү саат 01:39да Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылында, Шамалды-Сай шаарында 2,5 баллга, Кум жана Теңдик айылдарында 2 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.