Чаткал районунда дайынсыз жоголгон 23 жаштагы жигит изделип жатат. 1995-жылы туулган Э.Т. 22-июнда «Дэу Матиз» унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
ӨКМдин маалыматына караганда, Э.Т. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну. 25-июнь күнү Ак-Таш айылында, Чаткал дарыясынын жээгинде ага тиешелүү документтер жана өздүк буюмдары табылган.
Тургунду издөө иштерине кечээ, 2-июлда 22 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана айыл аймактан 39 адам тартылып, бирок оң жыйынтык чыккан жок.