Жаңылыктар
Окумуштуулары инфаркты дарылоонун жаңы жолун табышты
Ден соолук
Окумуштуулары инфаркты дарылоонун жаңы жолун табышты

Орус окумуштуулары инфаркт дартын дарылоонун жаңы жолун табышты. Тагыраак айтканда, Россиялык биологдор жүрөктүн инфаркттан кийин жабыркаган клеткаларын калыбына келтире турган ген терапиясын иштеп чыгышты. Ген терапиясы — оорулуунун организминде жабыркаган же жетишпеген гендерди толуктоо үчүн жаңыларын кошуп берет. РИА Новости жазгандай, "ген терапиясы жүрөктөгү жаңы клеткаларды жаратуучу майда бөлүкчөлөрдү активдештирип, жабыркаган клеткалардын ордуна жаңыларын тез арада иштеп чыгууга жардам кылат. Москва мамлекеттик университетинин окумуштуусу Павел Макаревичтин айтымында, жүрөк кемтигинин пайда болушуна дал ушул клеткаларды жаратуучу майда бөлүкчөлөрдүн ишинин бузулганы себеп болот. Инфаркт дартын дарылоонун жаңы ыкмасын адистер момолой чычкандарга сынап көрүп, ийгиликтүү жыйынтыгын илимий журналдарга жарыялашкан.