Жаңылыктар
Бишкекте жергиликтүү жамааттар форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жергиликтүү жамааттар форуму өтүүдө

Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары быйылкы жылы жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата форум өткөрүп жатат. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр жана эл аралык эксперттер катышууда. 

Жыйында мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көмөктөшүүнү, өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү жолдору жана башка көптөгөн учурлар ортого салынып, талкууланат. Бул форумдун башкы максаттарынын бири - аймактардагы жамааттардын социалдык маселелерди чечүүчү багыттарын аныктап, өз ара аракеттенүү.