Жаңылыктар
Ысык-Ата унаа жолунда сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Ата унаа жолунда сел жүрдү

Бүгүн 3-июль күнү саат 02:00 чамасында, алдын ала маалымат боюнча, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Красная-Речка - курорт "Ысык-Ата" унаа жолунун 40 чакырымында 2 жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн.


 Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат, унаа жол бир тарапка ачык.