Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-июль күнү саат 01:39да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылында, Шамалды-Сай шаарында 2,5 баллга, Кум жана Теңдик айылдарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.