Жаңылыктар
Пакистандагы жардыруудан каза тапкандардын саны улам өсүүдө
Дүйнө
Пакистандагы жардыруудан каза тапкандардын саны улам өсүүдө

Пакистандын Лахор шаарында болгон  жардыруудан  каза тапкандардын саны улам   өсүүдө. Акыркы алынган маалыматтарга караганда,  каза тапкандардын тизмеси 72ге жетти, жабыр тарткандардын саны 300дөн ашуун. Көпчүлү аялдар жана балдар. Кандуу окуя  Пакистандагы  эң ири терракт деп эсептелүүдө. Маалыматтарга караганда, жанкечтилер олуттуу  чыгым  келтире турган  аймакты  атайылап тандаган.

Жекшембинин таңындагы жардыруу Лахордогу унаа токтотуучу жайга жакын Гульшан и-Икбал паркынын жанында болгон. Жардыруу болгон аймактан анча алыс эмес жерде балдар аянтчасы жайгашканы айтылууда. Бул күнү жергиликтүү христиандар бул жерге Пасханы белгилөө үчүн келишкен. Чогулган массаны негизинен  үй бүлөсү менен  келгендер түзгөн. Жанкечти  жабыр тарткандар көбүрөк  болушу үчүн  металл  шариктер менен күчтөндүрүлгөн  бомбаны  колдонгон. Окуянын күбөсү болгон Афзаль:

-Мен жыйырмадай  жарадар болгон  баланы ооруканага жеткирдим. Үчөөнү   сактап калууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бомба  балдар   аттракциондордо ойноп жатышкан учурда жарылды.Биздин коом  бүгүн Пасханы белгилеп жатканбыз.Бул  жакка  келгендердин саны көп болчу.

 Ал эми Салем Ахмеддин жардыруудан 17 тууганы каза болду.

-Менин 17 тууганым набыт болду. Бардыгыбыз  бул жака балдарыбызды кубантып ойнотуп  келели  деп келген элек. Мындай  болуп кетет деп  ким ойлоптур.

Тарик  Мустафа болсо  паркка  досу менен  келген эле.  Досун жана  анын балдарын  таппай  тынсызданып жаткандыгын айтат.

-Мен паркка досум менен келген болчумун. Ал балдары менен  келген. Жардыруу болгон учурда  мен алар   менен чогуу эмес элем. Телефон чалсам көтөрбөй жатат. Балдарын дагы  көргөнүм жок.Тирүү экендиктерин же каза тапкандарын билбей  бушайманмын.

Түнү бою  кырсык  катталган  аймакка  тез жардам унаалары  тынбай каттап, унаага  батпай  калган  жабырлануучуларды рикша жана такси менен  дагы ташып жатышты. Жергиликтүү оорукананын кызматкерлеринин  бардыгынын колунда  дайыны жок жарандардын аты-жөнү  жазылган  тизмелер түшкөн жок.

Жардыруудан каза тапкандар  менен жаракат  алгандардын саны  улам  жаңыланып жатат. Лахордо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бардык ооруканалар чукул иштөө режимине өттү.  Дарыгелер  убакыттын өтүшү менен  бул сандар дагы  көбөйүшү  мүмкүндүгүн  айтышат. Жакындарынын  абалынан кабар алган  жарандар жергиликтүү  орууканаларды капташууда. Жакыны каза болгон  адамдарга  жеринен  психологиялык жардамдар  дагы  кошо берилүүдө. Террористтердин  бир эле  башка  динди  тутунган  мамлекеттерди  эмес, мусулман  өлкөлөрүн дагы  талкалоо башкы максаты. Буга Пакистандагы  жардыруу мисал болот. Мындан сырткары  Пакистан  мусулман мамлекеттеринин   ичинен  жалгыз ядролук куралы бар өлкө  болуп саналат. Террористтердин  бул  кадамын   ядролук куралга ээлик кылууга, же  ага  таасир этүүгө  аракети  деп эсептөөгө  болорун  аскерий  серепчи  Токтогул Какчекеев  айтат.

Расмий  бийлик  жардыруудан  төгүлгөн  кан  Пакистандын тарыхында биринчи жолу  болуп жаткандыгын  кабарлады. Анын жоопкерчилигин  жакында эле   талибдерден бөлүнүп  кеткен “Жамаат уль-Ахрар” террористтик  уюму  алды. Аталган уюм  мыкаачылыгы  менен  башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Алардын тизмесинде  учурда  ондогон терракт жана жүздөгөн  адам  өлүмү турат,-деп жарыяланат  чет элдик маалымат каражаттарында.  

Белгилей  кетсек, жекшемби  күнү Пакистандын Лахор шаарында  жардыруу  болуп, андан  72  киши  көз жумуп,  алардын 20сы жаш балдар экендигин жергиликтүү маалымат каражаттарында айтылылууда. Кандуу окуядан  жабыр тарткандардын арасында  кыргызстандыктар жок  экендигин  республиканын Тышкы  иштер  министрлигинин  басма  сөз  кызматынан билдиришти. 

Г.Каражанова, Биринчи радио