Жаңылыктар
Жол кырсыктарына каршы көрүлгөн чаралар
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыктарына каршы көрүлгөн чаралар

Эми оңдоого муктаж же урулган унаалар атайын текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана техникалык тейлөө борборлоруна киргизилет. Ал үчүн айдоочулар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан унаасы жол кырсыгына катышпагандыгы туурасында маалым кат алуусу шарт.

Машинени оңдотууга тастыктама талап кылынары унаа оңдоочу жайлар үчүн жаңылык деле эмес. 2007-жылы эле атайын мыйзам кабыл алынганына карабай, ушул кезге чейин аны аткарган тарап чанда гана болчу. Мындан улам, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү мекеме бул үчүн акчалай айыптын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Ал ортодо ордо калаадагы баардык унаа оңдоочу жайлар мындай демилгени колдоп чыгышты. Оңдотууга келген унаалар үчүн атайын тизме ачылып, баарынын маалым каттары тиркелип турат.