Жаңылыктар
Эс алуу мезгилиндеги маселелер
Кыргызстан жаңылыктары
Эс алуу мезгилиндеги маселелер

Кыргызстанда тоо туризми үчүн куткаруучуларга керек болгон тик учак жок. Бул олуттуу көйгөй экенин айткан адистер, маселеге көңүл бурууга чакырууда. 

Мындан сырткары коомчулукта сууда жүрүүчү транспорттордун абалына байланыштуу да көйгөйлөр айтылып келген. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аларды каттоого алып, текшермей болду.

Соңку жылдары тоо туризмине кызыккандар көбөйүүдө. Кыргызстандын аскалары дүйнөнүн булуң-бурчундагы альпинисттердин назарын бурат. Бирок, эс алуунун мындай түрү опурталдуу экенин эске алганда коопсуздукка да көңүл буруу зарылчылыгы бар. Туризм тармагынын адистери куткаруучуларды да, эс алуучуларды да тик учак менен камсыз кылуу керектигин билдирүүдө.

Туризм тармагында дагы бир көйгөй катары эс алуучу жайларда саркынды сууларды тазалоочу түзүлүштөрдүн жоктугу белгиленип келген. Мындан улам эскертүү берилип, тиешелүү чара көрүлгөндөн кийин көпчүлүк пансионаттар абалын оңдоду. Талапты аткарбагандары саналуу гана. Алар быйыл эс алуучуларды кабыл ала албайт.

Жайкы эс алуу жанданууда. “Ысык-Көл” аэропорту ички, тышкы каттамдар боюнча туристтерди кабыл ала баштады. Кыргызстанга эс алуу үчүн сырттан келгендердин көпчүлүгүн Казакстан менен Орусиянын жарандары түзөт.