Жаңылыктар
Аксы районунда сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады
Өзгөчө кырдаал
Аксы районунда сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады

3-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жарды-Колот айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 19 үйдү суу каптады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селдин кесепетинен Огонбаев, Осмонов жана Бейшеналиев көчөлөрүндөгү 16 үйдүн короосуна жана 3 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. 

Селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин райондук 5 куткаруучусу жана жергиликтүү 20 тургун тартылган.