Жаңылыктар
Ысык-Көлдө санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионат жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионат жабылды

Ысык-Көлдүн жээгинде Мамлекеттик экологиялык техникалык инспециянын текшерүүсүнөн кийин санитардык талаптарды аткарбаган 8 пансионат жабылды. Инспекциядан маалымдагандай, эки айдан бери жалпысынан 193 пансионат, санаторий, эс алуучу жайлар текшерилип, алардын дээрлик 60 пайызына тазалык нормалары боюнча эскертүүлөр берилген. 

Бир айлык убакыттан кийин эскертүү алгандар кайра текшерилип, талаптар аткарылганы аныкталды. Ал эми тазалык, айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын аткарбаган "Геолог", "Тулпар", "Билимдер академиясы", "Аян Резорт", "Саякат" пансионаттарына иштөөгө уруксат берилген жок.