Жаңылыктар
С. Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралыны кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралыны кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралыны кабыл алды. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев катышты. 

Мамлекет башчысы Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоң иш аткарып жатканын белгиледи. "Өзгөчө биздин кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдө, аны жалпы түрк дүйнөсүнө жайылтуу багытында жасап жаткан ишиңиздер кубантып турат. "Манас" эпосу, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов сыяктуу мыкты адабий үлгүлөрүбүздү орток түрк маданий казынасына кошуп, фундаменталдуу эмгектерди жарыялап жатканыңыздар түрк тилдүү элдердин жакындашуусуна, руханий интеграциясына өзгөчө таасир этет", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Ал Түрк академиясы акыркы эки жыл аралыгында эле кыргыз адабиятынын, фольклорунун, каада-салтынын 20дан ашуун эмгектерин жарыялоого белсенип жатканына ыраазычылык билдирди. Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы Чыңгыз Айтматовдун жылына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Бишкек, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өткөнүн, китептер чыгарылганын, "Манас" эпосу, кыргыздын адабияты менен тарыхына байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары Дархан Кадыралы менен Түрк академиясынын өкүлү Кадырали Конкобаев Мамлекет башчысын араб арибинде жазылган, Манас эпосунун ар кайсы варианттарын камтыган кол жазма китеби менен тааныштырды. 

Ошондой эле, Дархан Кадыралы менен Кадырали Конкобаев Президент Сооронбай Жээнбековго Алтайдан 3000 метр бийиктикте табылган жана реставрацияланган кыл кыякты белекке беришти. Мамлекет башчысы ыраазычылыгын билдирип, кол жазманы басып чыгарууга жардам көрсөтөрүн жана кыл кыякты Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берерин белгиледи.