Жаңылыктар
Бизнес кылууга коррупция башкы тоскоолдукту жаратат
Коррупция
Бизнес кылууга коррупция башкы тоскоолдукту жаратат

Кыргызстанда бизнес кылууга коррупция башкы тоскоолдукту жаратат. Бул тууралуу «Эл аралык уюмдардын коррупцияга каршы күрөштөгү орду» -деген аталышта өткөн  жыйында айтылды. Соңку жылдары Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөштө өз позициясын бекемдеп, чечкиндүү кадамдар ташталууда. Бирок күнүмдүк турмушта кадыресе көрүнүшкө айланган бул көйгөй элдин аң-сезимине сиңип баратат- дешет эксперттер. Белгилей кетсек, жыйында жемкорлукка каршы күрөштө журналистердин да кошкон салымдары  эске алынып, сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстан соңку жылдары коррупцияга каршы күрөштө өз позициясын бекемдеп, бул илдетке каршы системалуу иш жүргүзүү аракетин көрүп келет. Бул жаатта журналистердин да кошкон салымы көз жаздымда калбай тиешелүү денгээлде бааланууда. «Эл аралык уюмдардын коррупцияга каршы күрөштөгү орду»-деген аталыштагы жыйында бир катар журналистер бул жаатта жасаган эмгектери үчүн сыйлыкка татышты.  Алардын арасында Коомдук биринчи каналдын журналисти Бактияр Тукеев дагы бар.  

Жыйында карапайым калктын күнүмдүк турмушунан тартып, мамлекеттик башкаруу органдарына чейин пара берүү кадыресе көрүнүшкө айланып, жемкорлук элдин аң-сезимине сиңип баратканы белгиленип, жемкорлук менен системалуу күрөш жүргүзүү аракети башталганы белгилүү болду. Өкмөттүн аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаевдин айтымында, ишкерлерди мыйзам чегинде иштөөгө шарт түзүүчү жаңы эрежелер киргизилип жатат.

Соңку  жылдары  өлкөдө коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатканы жалпыга эле белгилүү. Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүүдө эч кимди аябастыгын, бир тууганы, кан досу болсо да, эгер коррупцияга малынса мыйзам алдында жооп берерин билдирип келет. Иш жүзүндө да ошондой болууда. Бирок  бул ишенимди бекемдөөгө  кызыктар тараптар аз болуп жатканын айтан экономист Улук Кыдырбаев, эң башкысы жемкорлук тууралуу элдин аң-сезимин түп-тамырынан өзгөртүү керектигин айтат.

Жыйында жасалган ар бир жемкорлук мыйзам чегинде болуп жатканы өкүнүчтүү экени айтылды. Анткени башаламан мыйзамдар көп болгондуктан, бизнести ыксыз текшерүү дагы мыйзам чегинде болуп каларын ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек белгилейт. Анын айтымында, бизнес коомчулугу бул багытта Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери мене ниш алып барууну максат кылууда.

Жыйында эң башкы жетишкендик катары коррупцияга каршы күрөштө  өкмөттүн  бизнес коомчулугу жана эл аралык уюмдар менен биргеликте иш алып баруусу белгиленди. Учурда бийлик бутактарында отургандардын бардыгы бул маселени туюп-сезген үчүн коррупциялык жолдорго баруудан чоочуркоолор пайда болду-дешет эксперттер. Андыктан алдыдагы жылдарда да Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү жаатында өзүнүн позициясын мындан дагы - бекемдейт дешет алар.

М.Абдраманова,  Биринчи радио