Жаңылыктар
Кундуз Аманова "КР ЖКнын Ардак грамотасы" менен сыйланды
УТРК жаңылыктары
Кундуз Аманова "КР ЖКнын Ардак грамотасы" менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Баластан" каналынын продюсери Кундуз Аманованын талапкерлиги жактырылып, сыйлык тапшыруу аземи бүгүн болуп өттү. 

Кундуз Аманова бул убакытка чейин "Билим берүүнү мыкты кызматкери", "Маданияттын мыкты кызматкери", "КТРКнын отличниги" жана "КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасына" татыган. 

Сыйлыгыңыз кут болсун!