Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан “Осьминог” караоке-бары быйыл январь айында белгисиз себептерден улам күйүп кеткен эле. Өрттүн кесепетинен бул жай толугу менен күйүп, жанындагы эки эс алуу үйү да каттуу жабыркаган.
Эске салсак, Бостери айылында эс алуу жайларынын тилсиз жоого кабылып, зыянга учурап жатышы биринчи жолу эмес. 2017-жылы май айында да Бостери айылындагы Асыл-Таш пансионатында эки эс алуу үйү белгисиз себептерден улам өрттөнүп кеткен.
Бул кырсыктардан кийин коомчулук арасында кылмыштуулук күч алды, коопсуздук чаралары колго алынган эмес деген нааразычылыктар көбөйгөн. Жакында "Осьминог" кафесинин өрттөлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин бети ачылып, ага шектүү эки жаран кармалган. Алар учурда кылган күнөөсүн толук мойнуна алып, иш тергелип жатат.