Жаңылыктар
Баткендин Жаштык айылында май куюучу бекет өрттөндү
Кырсык
Баткендин Жаштык айылында май куюучу бекет өрттөндү

Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылында жайгашкан май куюучу бекет өрттөндү. ӨКМдин алдын ала маалыматтары боюнча, кырсыктын кесепетинен май куюучу бир станция толугу менен өрттөнүп, экинчи бекеттин кеңсеси күйгөн. 

Өрттөн төрт киши жабыркаган. Алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук өрт өчүрүү кызматынан бир бригада тартылган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы барган. 

Андан сырткары Тажикстандын жакын жайгашкан райондорунан дагы 3 бөлүм тартылды. Өрт саат 22:40та чектөөгө алынып, таңкы беш жарымда толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.