Жаңылыктар
Кытай кыргыз балына кызыгууда
Экономика
Кытай кыргыз балына кызыгууда

Кыргыз балын Кытайга экспорттогонго жакшы мүмкүнчүлүк ачылды. Өткөн аптада премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен барган айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев баштаган делегация ал жактан "Кыргыз балы" - деп аталган соода үйүн ачып келишти. 

Айтымында Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу балды сатып алууга абдан кызыгып жатышат. Эгерде биздин балчылар менен ишкерлер аларды сапаттуу бал менен ар дайым камсыз кылып турса, кабыл алган тарап Кытайдын аймагында 800гө жакын майда соода түйүндөрүн ачып, кыргыз балын таанытуу жагынан жардам берүүнү убада кылышкан.