Жаңылыктар
Бишкекте алты унаа кагышып, бир бала жабыркады
Кырсык
Бишкекте алты унаа кагышып, бир бала жабыркады

Бишкектин Гагарин менен Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде алты унаа кагышып, бир бала жабыркады. Окуяны тастыктаган видео социалдык тармактарга тарады. 

Шаардык милициянын маалыматына караганда, кырсык 4-июлда күндүзгү саат үчтөр чамасында катталган. Унаалардын көбү жолдун четинде токтоп турган. 

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги бир бала жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда бардык унаалар айып короого токтотулуп, чогултулган материалдар тергөө органдарына жөнөтүлдү.