Жаңылыктар
Россияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза тапты
Кырсык
Россияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза тапты

Кечээ, 4-июлда Россияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу полицияга шилтеме берүү менен Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. Окуя Чувашия республикасынын Козловский районунда болгон. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркап, үч адам каза тапты. Көз жумгандардын бардыгы кыргызстандыктар болуп чыкты. Бири 24 жашта болсо, экөө беш жана алты жаштагы наристелер. 

Ал эми жаракат алгандар кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес. Алар учурда Чебоксары шаарынын Тез жардам ооруканасында дарыланууда. Иликтөө иштери башталганы айтылды.