Жаңылыктар
Абитуриенттерди кабыл алууга кандай даярдыктар жүрүп жатат?
Билим
Абитуриенттерди кабыл алууга кандай даярдыктар жүрүп жатат?

Быйылкы окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Жогорку окуу жайларда окутулуучу адистиктердин тизмеси бекитилди. Жылдагыдай эле быйыл да 5 миңден ашуун бюджеттик орун каралган. Ал орундар өлкөдөгү кадр муктаждыгы эске алынып, бөлүнгөн. 

Азыр мурункудай экономист, юридикалык же ушул сымал адистиктерге суроо-талап төмөндөгөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайсы кесиптерге муктаждык жогору экенин талдап чыккан.

Азыркы күндө суроо-талап жогору болгон адистиктердин сап башында айыл чарба тармагы, андан соң тоо-кен өнөр жайы, тамак-аш жана өндүрүш, ошондой эле, мунайды кайра иштетүү, кийинки орунда билим берүү, саламаттык сактоо багыты, андан соң курулуш жана байланыш тармагы келе жатат.

Мамлекет кадр тартыштыгын эске алып жигердүү жаштар үчүн жогорку окуу жайлардан гранттык орун бөлгөн.

Быйылкы окуу жылына карата 5705 мамлекеттик билим берүү гранты каралган. Анын ичинен 4903 орун Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларга бөлүштүрүлгөн.

Бюджеттик орундардын теңине жакыны билим берүү тармагынын үлүшүнө дал келет. Андан кийинки катарда айыл чарба, компьютердик технологиялар, өндүрүш, саламаттык сактоо тармагы турат. Ошентип отуруп бардык багыт боюнча акысыз окутуу бөлүштүрүлгөн.

Учурда окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алууга камынууда. Алардын катарында өлкөдөгү окуу жайлардын флагманы болгон Кыргыз улуттук университети дагы бар. Бул билим уясынын өзгөчөлүгү - дээрлик бардык адистикте окутууга чамасы жетет жана бир катар жаңылануу киргизилген.

Абитуриенттерди кабыл алуу 9-июлда башталат. Келечек ээлери барын таразалап туруп, жети өлчөп бир кесүүсү зарыл. Анткени керектүү жана сүйүктүү кесип турмуштун даңгыр жолун түптөйт.