Жаңылыктар
Сууга чөккөндөрдүн саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Сууга чөккөндөрдүн саны өстү

Аптап күндөр менен сууга түшүү маалы да башталды. Шаар тургундары айласы кеткенде калаа сыртындагы көлмөлөр менен бассейндерди көздөй жөнөшөт. Бирок сууга түшүүчү жайларга баруу канчалык деңгээлде коопсуз?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында акыркы убактарда агын сууларда, көлмөлөрдө, суу сактагычтарда сууга чөккөндөрдүн саны өстү. Катталган кырсыктарга көбүнө жаш балдар менен өспүрүмдөр көп кабылары маалым болду.

Тилекке каршы, кабатыр кылган мындай окуялар жылдан-жылга көп катталууда. Жагдайга сууга түшкөндөрдүн мас абалында болуусу, же дагы башка жагдайлар себеп болсо, экинчиден эс алуу жайларында куткаруучулардын жоктугу.

Эрежеге ылайык бардык сууга түшүүчү жайларда куткаруучулар болуш керек. Мындай демилгени өзгөчө кырдаалдар министрлиги көтөрүп чыгып, Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларын жана бардык аймактардагы көлмөлөр менен бассейндердин ар бири жок эле дегенде 3 төн куткаруучу окутуп, даярдоого милдеттендирилген.

Учурда Кыргызстан боюнча суучулдарды жана куткаруучуларды даярдоочу мектеп, бир гана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде калды. Бул жерден билим алгандар сууга чөгүп бара жаткан адамды кантип куткаруу керектигин, аны жээкке туура жеткирүү жана тез жардам келгенге чейин алгачкы медициналык жардамды көрсөтүүнү үйрөнүшөт.

Негизинде ар бир сууга түшүүчү жайларга жергиликтүү бийлик дагы кайдыгер болбой, куткаруучулар боюнча талапты коё билүү керек. Мамлекет үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат. Демек, ар бир мамлекеттик мекеме буга милдеттүү болушу зарыл.