Жаңылыктар
Кадамжай районунда өз жанын кыйгысы келген кыздын абалы канааттандыраарлык
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районунда өз жанын кыйгысы келген кыздын абалы канааттандыраарлык

Ар бир жарандын коопсуздугу тийиштүү мекемелердин гана эмес, ар бир жарандын милдети. "Өзүмдү сууга таштайм, жашоодон тажадым" деп телефон аркылуу милицияга билдирип, боюн сууга таштаган өспүрүм кыздын абалы учурда канааттандыраарлык. Кадамжайдын аймактык милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен кыздын өмүрү сакталды.

Сууга аккан кыздын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери 1- июлда кадимки эле иш ордунда болгон. Маалымат түшөөрү менен ыкчам топ айылды аралай издөөгө түшкөн. Гүлдүрөмө айылындагы каналда адамдын агып баратканын коргон Нурлан Бегалиев кызды куткаруу үчүн каналга секирип кирген.

Бирок, кыз куткаруу учурунда тартип сакчысына каршылык көрсөткөн. Ага карабастан кызды каналдан алып чыккан. Ал эми кыздын бул кадамга барышынын себебин тай энеси жээн небересинин ата-энеси миграцияда жүргөнүн, ал буга чейин да өз өмүрүн кыйганга аракет кылганын айтты. 

Халмион айыл аймагында жайгашкан Нургазиев каналы үч айыл өкмөттү сугат суу менен камсыздайт. Каналда буга чейин да мындай фактылар бир канча ирет катталып, адам өмүрүн алган учурлар да болгон. Окуя болгон күнү каналдагы суу адаттагыдан көп келген болчу дейт айыл башчысы. 

Ал эми куткаруучуларга облус башчысы ыраазычылык айтып, төш белгиси менен сыйлады. Ошондой эле бул өңдүү кырсыктардын алдын алуу үчүн эл ичинде, айрыкча өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү ишин колго алууну сунуштады. Миграция күч алган учурда, аймакта көптөгөн жаш балдар ата-энесинен алыс чоңоюп жаткандыктан, алардын дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу керектигин тартип сакчылары да эскертет.