Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк визит менен барды
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк визит менен барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына бир күндүк визит менен барды. Эскерте кетсек, мамлекет башчы Казакстанстандын борборунун 20 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте "Астана" Эл аралык финансы борборуна барды. Бул борбор кечээ, 5-июлда расмий ачылган. 

"Астана" Эл аралык финансы борбору ЭКСПО-2017 дүйнөлүк көргөзмөгө колдонулган аймакта жайгашып, финансылык тейлөө эл аралык борбору, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитражды өзүнө камтып, инвестицияларды алып келүү, капитал рыногун өнүктүрүү, активдерди башкаруу жана жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүү менен алектенет. Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу сый азем менен жыйынтыкталат.