Жаңылыктар
Өкмөт башчы жайкы туристтик сезонго даярдыктарды текшерүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы жайкы туристтик сезонго даярдыктарды текшерүүдө

Былтыр чет өлкөдөн Кыргызстанга төрт жарым миллион турист келген. Биз эс алуучулардын санын сапаттуу тейлөө менен гана көбөйтө алабыз. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барган учурда билдирди. Премьер-министр алгач Балыкчы -Корумду жолунун курулушу, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышып, эс алуу жайларынын жетекчилери менен жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешмесине катышты.

Өкмөт башчынын Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун курулуш иштери менен таанышуудан башталды. Азыркы тапта жалпы узундугу жүз төрт чакырым жолдун Тору-Айгыр айылынан Чырпыкты айылына чейинки бөлүгүндө жолду түздөө, асфальт жаткырууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул аралык отуз үч чакырымды түзүп, жалпы жумуштун элүү пайыздан ашыгы аяктап калган. Мухаммедкалый Абылгазиев каражат өз убагында бөлүнөөрүн билдирип, эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратпай жол курулуш иштерин эртелеп бүтүрүп берүүнү айтты.

Былтыр чет өлкөдөн Кыргызстанга төрт жарым миллион турист келген. Биз эс алуучуларды сапаттуу тейлөө менен гана алардын санын көбөйтө алышыбыз мүмкүн деген пикирин өкмөт башчы Чолпон-Ата шаарында болгон эс алуу жайларынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Мухаммедкалый Абулгазиевдин пикиринде чет элдик туристтерди тосууда дал ушул сапаттуу тейлөө жааты аксап жатат. Мындан сырткары ички жолдордун абалы, ошол эле эс алуу жайларына кеткен жолдордун акыбалы келген туристти ого бетер ирээнжитүүдө. Адистердин пикиринде эс алуу жайларына кетүүчү майда жолдорду жасоо үчун эле бери дегенде он эки миллион доллар керек. Мындан улам комплекстүү иш чаралар кабыл алынып, эс алуу жайлары жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып баруулары зарыл. Жолугушуунун жүрушүндө пансионат жетекчилери өкмөт башчысына бир катар суроолорду берип, жооп ала алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча да маселелер ортого салынды.

Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы дыйкан чарбанын ишмердиги, Каракол шаарынын ички жолдорунун жана Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин абалы менен таанышат. Мындан сырткары Жети-Өгүз районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.