Жаңылыктар
Борбор калаада велосүйүүчүлөр үчүн атайын жолдор курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада велосүйүүчүлөр үчүн атайын жолдор курулат

Бишкек шаарын 2018-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында велосипедчен жана жөө адамдарга шарт түзүү маселеси каралган. Учурда ордо калаадагы оңдолуп жаткан көчөлөрдүн айрымдары көп функционалдуу болот. Анда жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар менен кошо велосипед тепкен адамдарга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бишкекте велосипед тебүүгө ыңгайлуубу, кайсы көчөлөрдө веложолдор курулушу мүмкүн? 

Шаардын экологиясын сактап, жол тыгындарын азайтуу үчүн көчө боюндагы бактарды кыйуу менен аны кеңейтүүнүн зарылдыгы жок. Ал үчүн тротуарларды оңдоп, веложолдорду куруу керек. Ушул тапта коомдук транспорттон тажагандар өзүнүн ыңгайлуулугу үчүн унаа айдап, натыйжада шаар ичинде тыгын көбөйүп, аба да булганууда.

Буга чейин жөн гана жомок деп ишенбей келген велосүйүүчүлөрдүн тилеги эми ишке ашмай болду. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы атайын долбоор даярдап, анын алкагында шаардын оңдолуп жаткан борбордук көчөлөрүнө велесипед менен жүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, эгер коомчулуктун бир бөлүгү велосипед колдоно баштаса, анда шаардын абасы дагы, унаалардын тыгыны дагы азайышы ыктымал.

Мындан сырткары Айтматов көчөсүнүн 4-5 жерине элдер эс алуучу аймактарды куруу мерчемделүүдө. Долбоордо көрсөтүлгөндөй, Бишкек Гуманитардык окуу жайынын жана Манас унивеситетинин алдына атайын отургучтар жана фонтандар орнотулуп, шаарды көрктөндүрүү иштери уланат.