Жаңылыктар
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу учурунда мүмкүнчүлүктөр кеңейет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу учурунда мүмкүнчүлүктөр кеңейет

Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылган учурунда саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелери боюнча бир катар демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. Терроризм, экстремизм коркунучу күчөп турган чакта, өлкөнү коопсуздук абалын талкуулоочу аянтча катары сунуштаса болорун, мындан сырткары Бишкекте укук борборун ачуу, уюмдун өнүгүү банкын жайгаштыруу сунуштары ортого салынды.

Кытайдын Циндао шаары. Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны июнь айында мына ушул жерде өтүп, 2018-2019-жылдары уюмга төрагалык кылуу Кытайдан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Шанхай кызматташтык уюмуна бул жолу Индия менен Пакистан кошулуп, биримдик аймагы жана калкынын саны жагынан кеңейди. Төрт мамлекет дүйнөдөгү ири ядролук державаларга кирет.

Аймакта терроризм, экстремизм коркунучтары курчуп турат дешет адистер. Андыктан Кыргызстан өзүн коопсуздук маселелерин талкуулоочу аянтча катары сунуштаса болот. Маселен, Сирияда тынчтык орнотуу боюнча бардык сүйлөшүүлөр коңшу Казакстанда өтүүдө. Серепчилер белгилегендей, азыр Ооганстандагы чыр чатакты жөнгө салуу маанилүү маселелерден болуп турат.

ШКУ акыркы убакта коопсуздуктан сырткары экономикага басым жасоодо. Акыркы жыйында Кытай ШКУнун алкагындагы инвестициялык долбоорлорго 30 млрд юань же 4,7 млрд доллар каражат бөлөөрүн жарыялады. Экономикалык долбоорлордун басымдуу бөлүгүн “Бир жол-Бир алкак” программасынын негизинде ишке ашыруу мерчемделүүдө. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун курулушу да өбөлгө болмокчу.

ШКУнун кезектеги жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун өнүгүү банкын түзүп, анын башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу сунушун берген. Бул өз кезегинде өлкөдө каржы институттарынын өнүгүшүнө өбөлгө болот. Айрым серепчилер өлкөдө ШКУнун укуктук борборун түзүү сунушун да айтышты. 

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу учурунда мына ушул өңдүү саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелери боюнча бир катар демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. ШКУ саммити 2019-жылы июнь айында Бишкекте өтөт.