Жаңылыктар
Ички иштер министрлиги кыз алуу качууга жазаны күчөтүүнү сунуш кылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлиги кыз алуу качууга жазаны күчөтүүнү сунуш кылууда

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган долбоордо Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 300 миң сомго чейин айып пул салуу каралууда. 

Белгилей кетсек, ИИМ ала качуу өнөкөтү азыр да курч маселе бойдон калып, буга чейинки көрүлгөн чаралар абалды оңдоого жетишсиз болуп жатканын билдирген. Маалыматка ылайык, 2017-жылы ала качуу боюнча 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга эркинен ажыратылган.