Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов 69 жашында көз жумду
Маданият
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов 69 жашында көз жумду

Кыргыз көрүүчүлөрүнө Токтогул, Ильяс, Базарбайдын образдары менен таанылган актер 9-июлда өзү туулган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жерге берилет. 

Чынгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде тартылган “Мен Тянь-Шань” көркөм тасмасындагы Ильяс. Жаш актер Дүйшөнбек Байдөбөтовдун кинодогу ролу дал ушул Ильяс менен 1972-жылы жанып, көрүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө сакталып калды. “Токтогул” тасмасында Токтогулдун, “Акбаранын көз жашында” Базарбайдын образын жогорку деңгээлде ачып берген. Кино менен катар театрдын да жылдызы болгон. Отелло, Курманбек баатыр, Танабай сыяктуу чоң образдарды дал ушул театр сахнасында жараткан. 

Кыргыз киносу менен театры 7-июлда оор жоготууга учурады. 69 жашында Кыргыз Республикасынын эл артисти, кайсыл жашында болбосун көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Дүйшөн Байдөбөтов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Байдөбөтов кино, театрдын жылдызы, өз кесибинин чебери, кайталангыс талантка гана ээ болбостон, адамгерчилиги бийик, жаш муунга багыт берип, тарбиялаган мыкты устат да болгон. 

Д.Байдөбөтовдун шакирти: “Ал абдан сылык, кичипейил, эн башкысы кийинки жаш муун учун кам коргон адам эле. жылдын кайсы убагы болбосун театрга келгенде окуучулар аны тегеректеп отурчу. кенеш берчу. бир ролду чыгара албай жатканда чики маданияты жогору эле. театрда орду толгус анын орду.” 

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Үч-Эмчек айылында туулган. Үй-бүлөдө 16-бала болгон. 7 жашында атасынан, 11 жашында апасынан ажырап, бала чагында жетим калган. Дарыгер болуу Байдөбөтовдун бала кезиндеги кыялы болгон. Москвадагы мамлекеттик театр искусство институтун бүткөн соң, чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштап, кийин 1991-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгектенген.

Актер 9-июлда өзү туулган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жерге берилет.