Жаңылыктар
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк сапары аяктады
Саясат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк сапары аяктады

Күн мурун өкмөт башчысы Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынына катышып, «Бир айыл - бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын көрүп чыкты. Ошондой эле Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты. 

Өнүгүү түйүндөрү делген 20 шаарды өнүктүрүү Программасын иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруу өлкөнүн экономикалык багытындагы реформалардын башаты болот. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. Ал аймактарды өнүктүрүү - жакынкы бир нече жылдарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчысы инвестицияларды тартуу маселелине токтолду. Абылгазиев белгилегендей, жылдын аягында аймакта түзүлгөн жумуш орундарынын санына, калкка көрсөтүлгөн жардамга жана тартылган инвестициялардын көлөмүнө жараша ар бир жетекчиге тиешелүү баа берилет. Премьер-министр ырастагандай, өндүрүштүк кубаттуулукту аймактарда болгон сырьего жараша бөлүштүрүү зарыл. «Бул багытта жеке сектор менен тыгыз иштешүү керек. Өлкөбүздө чакан жана орто ишкердиктин салымы ИДПнын 40 пайызынан көбүн түзөт. Биз бул көрсөткүчтү 2023-жылга чейин 50%га жеткишибиз керек,» - деп билдирди Абылгазиев.

Өкмөт башчысы ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү органдардын жетекчилери мамлекеттик казнаны гана карап отурбашы керек. Премьер белгилегендей, Өкмөттүн алдында ирригация тутумун жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо, унаа жолдорун куруу жана кайра куруу, билим берүү, медициналык жана маданий объекттерди куруу милдеттери турат.

Мындан сырткары күн мурун премьер-министр Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин борборуна барып, «Бир айыл - бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. JICAнын туруктуу өкүлү Кикучи Казухико долбоордун алкагында кийиз буюмдарды, сувенирлерди, бал, жапайы мөмөлөрдөн кыям жана шире өндүрүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

Андан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты. Өкмөт башчысы жолдордун курулушунун бир бөлүгүн республикалык бюджеттин эсебинен каржылоону убада кылды. 

Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы эски мектептин абалын көрүп чыгып, премьер жаңы мектепти куруу маселесин чечип берүүнү убадалады. И.Текеев атындагы орто мектеп 1965-жылы курулуп, 180 орунга эсептелген. Имарат авариялык абалда турганына карабастан, окутуу эки сменада жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Абылгазиев Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарба ишмердиги менен таанышып, агроөнөр жай комплексиндеги өндүрүштү өстүрүү зарылдыгын белгиледи. Ишкана ири мүйүздүү мал, кой жана асыл тукум жылкыларды багуу менен алектенет. Мындан тышкары агрокомплекс туристтерге фермада жашоо жана чарбачылык жүргүзүүгө катышуу шарттарын түзүп берип, өлкөдө агротуризмди өнүктүрүүнү илгерлетип келет. Абылгазиев фермерлер менен жолукканда МТС, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери киреше салыгынан бошотуларын айтты. Ал эми айыл чарба жана кайра иштетүү продукцияларын экспорттоодо алар кошумча нарк салыгынан бошотулат.