Жаңылыктар
"Комсомольская правда - Кыргызстан" гезитинин кубогун "КТРК" командасы утту
Спорт
"Комсомольская правда - Кыргызстан" гезитинин кубогун "КТРК" командасы утту

"Комсомольская правда - Кыргызстан" гезити кичи футбол боюнча мелдеш өткөрдү. Спорттук саамалыкка ЖМК өкүлдөрүнөн тышкары футболго кызыккан мамлекеттик кызматкерлер да катышты. Жалпы 8 курама ат салышып, “КТРК” командасы жеңишке  жетти. Мелдештин мыкты чабуулчусу болуп "КТРК" командасынын оюнчусу Нурлан Сартов аталды.