Борбор калаада алдыдагы он күн аралыгында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына караганда 20-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы 34 градустан 40 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.
Аптаптуу жайда элдин баары агылган Ысык-Көлдө термометр түнү +13…18, күндүзү +27…32 градус температураны көрсөтөт. Ал эми 12синен тарта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.