Жаңылыктар
Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган тик учак кырсыктады
Кырсык
Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган тик учак кырсыктады

Ысык-Көлдө Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан аба күчтөрүнүн "Ми-8 МТВ" тик учагы кырсыктап, 6 киши жабыркады. Мөңгүгө кийинчерээк экинчи учак жиберилип, жабыркагандар ордо калаага жеткирилди. 

Арасында жапон жаранынын абалы оорураак. Анын эки колу чыканагынан сынып, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандардыруу бөлүмүндө жатат.