Жаңылыктар
Дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча беш адам сууга чөгүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча беш адам сууга чөгүп кетти

Дем алыш күндөрү Кыргызстан боюнча беш адам сууга чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү маалында жарандарды өз өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырууда.

Ысык аптап менен кошо өлкөдө сууга түшүү маалы башталды. Шаштыны алган ысыктан кайда качып, кандай кылаарды билбеген шаардын тургундары айласы кеткенде түрдүү көлмөлөрдү жана бассейндерди көздөй жөнөп жатышат. Калыс Жолдубаев дагы кыздарын алып ордо калаадагы Комсомол көлмөсүнө келген.