Жаңылыктар
Бишкек — Ош жолунда жеңил унаа менен фура кагышып, эки киши каза болду
Кырсык
Бишкек — Ош жолунда жеңил унаа менен фура кагышып, эки киши каза болду

Бишкек — Ош жолунда жеңил унаа менен фура кагышып, эки киши каза болду. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан кабарлашты. 

Окуя болжол менен 9-июлда, түшкү саат үчтөрдө жолдун 113-чакырымында болгон. Анда түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан "Subaru Forester" унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, Volvo машинасы менен кагышкан. 

Кырсыктын кесепетинен 69 жаштагы эркек киши менен анын 67 жаштагы аялы каза тапкан. Жеңил унааны Россиянын атуулу айдап бара жатканы айтылды. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.