Жаңылыктар
Төө-Ашуудагы тоннелдин ичиндеги жол оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашуудагы тоннелдин ичиндеги жол оңдолот

Жакын арада Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк тарабынан кирген жери жана ичиндеги жол оңдолот. Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, ушу тапта Бишкек — Ош жолунун 121-129-чакырымына жаңы асфальт төшөлүп жатат. 

Учурда тоннелге кире берген жолдун эски асфальты алынды, жакында жаңысы төшөлөт. Андан тышкары тоннелдин ичиндеги жол дагы асфальтталат. Жалпы жонунан тогуз чакырым жол оңдолот. Мында жаракалар бүтөлүп, жол белгилери алмаштырылып, көпүрөлөр ремонттолот. Министрлик сапарга чыккандардан абалга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.