Жаңылыктар
Ошто баңгизаты менен бир жаран кармалды
Кылмыш
Ошто баңгизаты менен бир жаран кармалды

Ошто ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү маң затын аныктады. Маалыматка ылайык, 6-июлда болжол менен саат 23:40 чамасында ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө ИИМдин атайын кызматы Ош шаарындагы Салиев көчөсүндө 27 жаштагы Кара-Суу районунун тургунун кармаган. 

Аны текшергенде жанынан 1 килограммга чукул баңгизаты табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү амалдары уланууда.