Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруудан 70 ке жакын адам набыт болду. Алардын 20дан ашыгы жаш балдар. Синьхуа агенттиги билдиргендей, мындан тышкары 300 адам жаракат алып, 56 бала ооруканага жеткирилген. Жекшемби күнү Лахор шаарындагы балдар ойногон бакчада жанкечти жардыруу жасаган. Полиция билдиргендей, жабыр тарткандардын көпчүлүгү жаш балдар менен аялдар. "Талибан" радикалдык кыймылына жакын боевиктер жардырууга карата жоопкерчиликти мойнуна алышкан. Пакистанда 3 күндүк аза күнү жарыяланды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, жабыр тарткандардын жана набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.
Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге Лахор шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген террористтик актыга байланыштуу көңүл айтты. «Кыргызстан кандай гана көрүнүштө болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы аракеттерин колдойт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.