Жаңылыктар
Чолпон-Атадагы ат майдан оңдолууда
Маданият
Чолпон-Атадагы ат майдан оңдолууда

Көчмөндөр оюнуна чейин Чолпон-Атадагы ат майдан толугу менен курулуп бүтөт. Учурда ипподромдогу имараттын жана күйөрмандар отуруучу жайдын пайдубалы түптөлүп бүттү. Мындан тышкары куруучулар жер алдындагы унаа токтоочу жайды да салып жатат.

Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушун бийлик катуу көзөмөлгө алган. Мурдагы жылкыдай оюнга саналуу күндөр, ал тургай мүнөттөр калганда кымгуут болбос үчүн, ар бир аптага иш бөлүнгөн. Анын аткарылышын тийиштүү жетекчилер ар бир жума сайын борбордон барып текшерип турушат. Ипподромдогу мурдагы имараттан бери таптакыр алынып, кайрадан жаңысы курулуп атты эле. Эми анын пайдубалы түптөлүп бүтүп калды. Ортодогу имарат жана анын оң, сол капталындагы трибунанын фундаменти өтө кынапталып, арматуралар жыш коюлуп, бекемделүүдө. Буга эле 566 тонна арматура, 7100 куб бетон колдонулду. Адистер курулуш материалдарынын сапаты жогору экенин айтып, ишендирүүдө.

Пайдубалга коюлуучу курулуш жабдыгы келип бүттү. Эми трибунага коюлуучу курулуш шаймандары өзүнчө келет. Аны ат майдандан эле кураштырып, ширетип, анан коюшат. Ага чейин VIP делген имараттан алдына унаа токтотуучу жай салынууда. Жер алдындагы унаа токтотуучу жайдын VIP делген имараттын алдына жайгашуусу бекеринен эмес. Бийик даражалуу меймандар машинасын жер төлөдөгү жайга токтотуп, ошол эле жерден лифт менен үстүндөгү имаратка чыгып кетет. Машине токтоткон жай жерден беш метр ылдый жайгашууда.

Бийиктиги 7 кабатка туура келген имарат жана анын эки капталындагы трибунаны жасоого 450 миллион сом каралган. Азыр анын жарымына жакыны пайдаланылды, -дейт ат майданды курууга жалданган компаниядагылар.

Имарат жана трибунадан тышкары ат чуркоочу аянт дагы жасалат. Жака-бели тосулуп, анын ичине аргымактарга баам салган ветеринарлар жана чабандестерди коштой турган тез жардам унаасы жүрө турган жол дагы салынат.