Жаңылыктар
Ысыктан иш күнү кыскартылабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Ысыктан иш күнү кыскартылабы?

Өлкө аймагында 7-июлдан бери абанын температурасы айрым жерлерде 40 градуска чейин жетүүдө. 

Дарыгерлер аптаптуу ысык аба ырайында ар бир адам өзүн ысык өткөрүп алуудан сактанып, ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү эскертишет.

Жүрөк кан тамырлары менен ооругандар,өнөкөт оорусу барлар,кары-картаңдар жана негизи эле ар бир адам профилактикалык жактан негативдүү таасирлерден коргонуу керек. Эгерде ысык учурда сыртка чыгууга туура келип калса, сөзсүз баш кийим жана пахтадан тигилген ачык түстөгү кийимдерди кийип жүрүү керек. Ысыкта суюктукту көп ичип турса жакшы болот,бирок мупмуздак эмес, газы жок кайнатылган суу же, жашыл чай ичип турсаңыздар болот. Анткени ысыкта адамдагы электролид жоголот,аны суюктук менен толтуруп туруу зарыл.

КРнын Эмгек кодексинин 211- беренесинде көрсөтүлгөндөй, аптаптуу ысык учурунда ар бир иш берүүчү жумушчулардын эмгектенүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, камкордук көрүүсү керектигин айтат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү.

Аба ырайын маалымдоочу борборунун өкүлдөрүнүн берген маалыматына караганда, алдыдагы күндөрү күн дагы ысышы мүмкүн.