Жаңылыктар
Спорт - ден-соолуктун булагы, ийгилик - ынтымактын башаты
Спорт
Спорт - ден-соолуктун булагы, ийгилик - ынтымактын башаты

Спорт менен машыгып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү азыркы учурда жаштар арасында адатка айланган көрүнүш болууда. 

Сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү үчүн милдеттүү түрдө спорт залга баруунун кажети жок. Ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү үйдөн жасап, же күнүгө таң эрте чуркоону адатка айлантуунун деле адамга пайдасы чоң. Эң негизгиси - киши кыймылдап турушу керек, айрыкча бул керээли кечке кеңседе отуруп иштеп, компьютерден көз албагандарга сунушталат.

Адистер акыркы учурда сергек жашоо турмушун алып жүргөн жаштардын көбөйгөнүн белгилешет. Өкмөт буга чейин 2018-2022-жылдарга карата “Спорттук Кыргызстан” программасын кабыл алган. Анда калкты сергек жашоого үндөөгө багытталган ондогон иш-чаралар камтылып, четинен ишке ашырыла баштады.