Жаңылыктар
Футбол ышкырыгынын тарыхы
Спорт
Футбол ышкырыгынын тарыхы

Футбол оюнун калыссыз, ал эми калысты айып кагаздары жана ышкырыгы жок элестетүүгө болбойт. Оюн эрежелеринин сакталуусун көзөмөлгө алган калыстар беттештин таза жана туура өтүүсүн камсыз кылат. 

Алгач, футболчулар чыр-чатактарын өзүлөрү эле чечишип, оюн үзгүлтүккө учурабайт деп эсептелген. Бирок ар бир мүнөттө бири-бири менен кагылышкан оюнчуларды токтотуп, эреже менен ойноого чакыруу үчүн беттештерге калыстар аралаша баштаган. 

Башында оюнга берилген футболчуларга эреже бузулганын билдирүү үчүн ар ким ар кайсы ыкманы колдонгон. Кимдир бирөө кыйкырып, кол булгаласа, башкасы коңгуроо каккан. Бирок бардыгы 140 жыл мурун өзгөргөн. Лондон шаарындагы бир беттешке калыстык кылуу мүмкүнчүлүгү полиция кызматкерине берилген. Оюн учурунда мушташ чыгып кетип, калыс адатынча ышкырык менен ышкырган. Оюнчулар жана көрүүчүлөрдүн көңүлү полиция кызматкерине бурулуп, оюн убактылуу токтогон. Мына ушундан тартып калыстар оюн талаасында ышкырык колдоно башташкан...


Мыкты калыс - оюндун жүрүшүн көзөмөлдөө менен эле бирге, оюн талаасында жүргөнүн билгизбей, керектүү гана учурларда ышкырган адис. Эреже бузууларда жана оюндун башталышы менен аягында колдонулчу ышкырык жок болсо, азыркы футбол беттештери кандай болмок эле?