Жалал-Абад шаарындагы жолдор оңдолууда. Учурда калаадагы Пушкин жана Чехов көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул көчөлөр кеңейтилип, ирригация тутуму жолго салынууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, Чехов көчөсүнүн туурасы буга чейин 9 метр болсо, эми 14 метр, ал эми Пушкин 10дон 16 метрге чейин кеңейтилүүдө.