Жаңылыктар
Коррупция боюнча ачылган атайын эсепке 39 миллион сом түштү
Экономика
Коррупция боюнча ачылган атайын эсепке 39 миллион сом түштү

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында түшкөн каражат үчүн ачылган атайын эсепке 39 миллион сом түштү. Маалым болгондой бул каражат мыйзамдарды так аткарууну көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында которулган. 

Эске салсак, эсеп 3-июль күнү ачылган болчу. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө бул багыттагы жумуштар уланып жатканы айтылды. Өкмөттүн маалыматы боюнча эсеп казыналыктын тутумунда ачылып, каражаттар өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт. 

Аткаруу бийлигинин божомолунда саамалык акчаны бөлүштүрүүнүн жана анын эсебин алуунун натыйжалуулугун арттырып, каражатты максаттуу пайдаланууга жол ачат.