Жаңылыктар
Ысык-Көлдө «Өрүк фест – 2018. Сары кыздын тою» фестивалы өтөт
Туризм
Ысык-Көлдө «Өрүк фест – 2018. Сары кыздын тою» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында 2018-жылдын 28-июль күнү жыл сайын өтүүчү «Өрүк фест – 2018. Сары кыздын тою» аттуу өрүктүн фестивалы өтөт.  Бул иш-чара “FSDS” (Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары) Коомдук Фонду тарабынан «Ысык-Көл жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында аткарылып, «Кумтор Голд Компани» (КГК) колдоосу менен өткөрүлөт.

Бул фестиваль үч жылдан бери айыл өкмөттөрдүн колдоосу менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде өткөрүлүп келет. Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айыллдарынын өрүктү көп өстүргөн фермерлери иш-чаранын эң активдүү катышуучулары болуп саналат. 

Фестивалдын негизги максаттары:

  • Ысык-Көл абрикосун даңазалоо боюнча Жети-Өгүз районунун айылдарынын бириктирүү;
  • Мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча инвестиция тартууга көмөктөшүү;
  • Экологиялык баалуулуктарды даңазалоо жана региондогу туризмди өнүктүрүү. 

Бул жылы «Өрүк Фест - 2018» иш-чарасын Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы менен бирге Жаргылчак айыл өкмөтү өткөрөт. 

Фестиваль бир жерге жергиликтүү багбандарды, ашпозчуларды, ишкерлерди жана кайра иштетүүчү ишкерлерди бириктирип, Ысык-Көл облусунда жайдын чилдесинде өтө турчу маанилүү иш-чара болуп саналат.  «Өрүк фест – 2018. Сары кыздын тою » фестивалы Ак-Терек айылынын стадионунда ачык мейкиндикте өткөрүлөт. Фестивалдын алкагында үйрөтүүчү семинарлар жана мастер класстар, айылдардын өрүк боюнча жетишкен көргөзмөлөрү, өрүктөн жасалган эң мыкты азыктар көргөзүлөт. Фестивалдын коноктору эстрада жылдыздары жана жергиликтүү артистердин майрамдык программасына күбө болуп, жергиликтүү элдин жасаган азыктарын сатып алып, акция жана флеш-мобдорго катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Күндүн программасы фестивалды башка айылга өткөрүп берүү менен аяктайт.  

«Мындай чоң иш-чараны өткөрүү жергиликтүү мөмө-жемиштен жасалган азыктарды даңазалоо жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги туризмди өнүктүрүү болуп саналат.  Айылдык ишкерликти өнүктүрүү аркылуу жакырчылык менен күрөшүү жана региондогу социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоонун эфективдүү жолу экенине биз терең ишенебиз»  деп маалымдады «FSDS» Коомдук Фондунун аткаруучу директору, Муратбек Исмаилов.

«Кумтор Голд Компани»  облустун жаштарынын ишкерлик сапаттарын өстүрүүгө багытталган бизнес демилгелерин колдоого даяр. Бул фестиваль багбандарга жана дыйкандарга өз чарбаларын өнүктүрүүгө жана базардагы талаптарды көбөйтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алат», - деп белгиледи, Актилек Тунгатаров, КГК Туруктуу өнүктүрүү боюнча директору.