Жаңылыктар
Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды

Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды. Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Ипасовдун үйүнөн “Йакын инкар” жамаатынын идеологиясына окшош кол жазманы табышкан. 

Экспертизанын жыйынтыгында "дептердеги жазуу экстремисттик маанайда" деп табылып, анын негизинде Ипасовду райондук сот үч жылга абакка кескен. Ал эми Нарын облустук соту 10-июлдагы отурумунда "Йакын инкар” жамаатынын мүчөсүнө карата чыккан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. 

Жыл башынан бери алты айдын ичинде ИИМ тарабынан тыюу салынган "Йакын Инкар" кыймылынын тарапташтарына карата 54 кылмыш иши козголуп, анын 46 "Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамды бузуу" боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"