Жаңылыктар
Тоо-кен өндүрүшү экономиканын өнүгүүсүндөгү башкы тармактардын бири
Экономика
Тоо-кен өндүрүшү экономиканын өнүгүүсүндөгү башкы тармактардын бири

Акыркы мезгилде бул тармакка көңүл бурулууда. Арийне, тиешелүү органдардын аракетсиздиги жана иштин жөнгө салынбагандыгынан улам, жеткиликтүү жылыштар жок.

Тоо-кен өндүрүшү мамлекеттин казынасын толтуруучу негизги тармактардан. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери бир катар кен иштетүүчү ишканалар ачылды. Иштер совет маалында чалгындалган тилкелерде гана жүрүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тоо-кен тармагындагы болгон мүмкүнчүлүктү толук түрдө пайдалануу зарылдыгын белгилеген. 

Тармактын ишмердүүлүгү айылдарда, чакан шаарларда жумуш орундарын түзүп, өнүгүүсүнө багытталышы керек.