Жаңылыктар
Ноокатта алманын "карлик" сортундагы көчөтүн отургузуу кеңири кулач жайды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокатта алманын "карлик" сортундагы көчөтүн отургузуу кеңири кулач жайды

Көчөттөр чет мамлекеттен алынып келингендиктен, ага суроо талап да күч. 

Эми, маселе муну сатууда калды. Курамында канты аз жемиштин көпкө чейин сакталуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн аймакта 3 муздаткыч кампа иштейт. 

“Ноокаттын алмасы” брендине жетишкен өрөөндө үч миң гектар алма багы бар. Мындан өткөн жылы 20 миң тонна алма терилген. Быйыл бул аянт 250 гектар менен толукталды. Аймактын дыйкандары үлүш жерин бакташтыруу менен багбанчылыкка ыктай башташты. 

Кийинки жылдан тартып, өрөөнгө логистикалык борбор курулат.10 гектар жер аянтынын документ иштери калган. Борборду каржылоочу инвестор да бар.